Кыргызстандык спортчулар эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештен 2 алтын медалга ээ болушту. Мелдеш Казакстандын чемпиону жана СССРдин спорт чебери Жуматай Кенжегалиевдин элесине арналып, Павлодар шаарында өттү. Мелдешке Казакстан, Орусия жана Кыргызстандан жалпысынан 250 балбанды чогултту. Аталган мелдеште кыргыздын намысын талашкан Бекжан Абдыкадыров менен Айбек Нурбеков чемпиондукту багынтышты.