Төө-Ашуудагы өрттөн каза болгон милиция кызматкеринин жубайы: “Мындай окуя болорун билгенде учакка билет алып бермекпиз”

27-октябрда Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу тилкесинде күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетип, чиркегичи өрттөнүп кеткен. Дал ошол учурда Бишкектен Ошко бара жаткан милиция кызматкерлери Дилмурат Шамшиев менен Орозмамат Акуналиев жардамга чуркап, күйүп жаткан унаадан айдоочуну куткарып калууга жетишти. Алар өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышканда күйүүчү майга толгон цистерна жарылып кеткен. Эки милиция кызматкери тең оор жаракат алып, денесиндеги күйүктөрдүн айынан өзүнө келе албай бири 1-ноябрда, экинчиси 5-ноябрда каза болуп калды. Биз Кызыл-Кыя ШИИБинде тергөөчү болуп иштеген Орозмамат Акуналиевдин жакындары менен байланышып, маркумдун өмүр таржымалы тууралуу сүйлөштүк.
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” 10-ноябрда чыккан жаңы - №1092 санынан окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан