"2-кабаттан секирип түшүп". Депутат Жамгырчиевдин качып кеткени айтылууда. Чоо-жайы

Депутаттык комиссия жоопко тартууга макулдук берген эл өкүлү Эмил Жамгырчиевдин кайда экени белгисиз болуп жатканы айтылууда.

“Азаттык” сайты комиссиянын жабык өткөн жыйынында көпчүлүк Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бергенден кийин УКМКнын тергөөчүлөрү депутатка чакыруу кагазын берүүгө аракет кылышканын, Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, Чүй проспектисин көздөй качып кеткенин парламенттеги ишенимдүү булактарына таянып жазып чыкты.

Ал арада социалдык тармактын колдонуучулары дагы Жамгырчиевдин качып кеткендиги тууралуу жазышууда.

SUPER.KG порталынын кабарчыларынын депутат Эмил Жамгырчиев жана анын жардамчылары менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

УКМК азырынча бул тууралуу маалымат бере элек.

41 жаштагы Эмил Жамгырчиев парламенттеги “Альянс” фракциясынан депутат. Ал буга чейин өзүнө тагылган айыпты четке кагып, муну "саясий куугунтук" катары баалай турганын билдирген.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура былтыр 27-декабрда Жогорку Кеңештен депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Жыйында төрага Нурланбек Шакиев Башкы прокуратуранын сунушун окуп, Жамгырчиев Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталып жатканын айткан.

Төраганын сунушунун негизинде парламентте Эмил Жамгырчиевге кылмыш ишин козгоого уруксат берүү маселесин териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Эртеси комиссиянын курамына өзгөрүү кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан