Депутат Жамгырчиевдин бөгөт чарасы каралууда

Бүгүн, 24-январдын кечинде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасы каралууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.

Жактоочунун айтымында, сот Жамгырчиевдин "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" иши боюнча бөгөт чарасын кароодо. Учурда чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетишти.

Эске салсак, 9-январда Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссия эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген корутунду кабыл алган.

Ал эми 10-январда эл өкүлүнүн Ак үйдүн терезесинен секирип качкан видеосу тараган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында анын кармалбай турганын айтып, иши сотко өткөндөн кийин актыгын сотто далилдеши керек экенин билдирген.

Жамгырчиев 12-январда УКМКга сурак берип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан