Атазов Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын укуктары бузулуп жатканын айтты (видео)

Бүгүн, 15-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандарга сотто орой мамиле жасалып, укуктары бузулуп жатканын айтты.

Эл өкүлү аларга жасалган мамиле боюнча парламентте Башкы прокуратуранын маалыматын угууну сунуштады.

"Социалдык тармактарда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын эки жылдан бери сотубуз болбой жатат дегенин көрсөтүүдө. Конвойлор ошол саясатчыларды чыканак менен "дыхалкага" уруп, түртүп жатат, кордоп жатат. Кийинки аптада башкы прокурорду чакырып ал жерде мыйзам кандай аткарылып жаткандыгын сурасак", - деди Атазов.

Ошондой эле ал бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы качан чыгарына кызыгып, алардын да маалыматын кийинки аптада угууну сунуштады.

Атазовду кесиптеши Гуля Кожокулова дагы кубаттады.

Ал эми төрага Нурланбек Шакиев соттук териштирүү жүрүп жаткандыгын белгилеп, сот иштерине тоскоолдук жаратпоо керектигин айтты.

Кемпир-Абад иши боюнча 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр коюлган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Жогорку Кеңеш 15.02.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан