Бишкектин мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодогу бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылганы белгилүү болду. Маалыматты бүгүн, 29-февралда Бишкек шаардык сотунан ырастады.
Ага ылайык, Бишкектин административдик соту 28-февралда Абдыкадыровдун арызын канааттандырган.
Борбордук шайлоо комиссиясы 22-февралдагы отурумунда Абдыкадыровдун арызын негизсиз деп четке каккан.
Бактыбек Чойбеков 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген. Ушул эле округдан Эмилбек Абдыкадыров да ат салышкан.
Абдыкадыров 2022-жылдын февралынан 2023-жылдын 31-октябрына чейин Бишкектин мэри болуп эмгектенген. Андан соң 10-ноябрда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалып, ал кызматтан үч айдан кийин эле, тагыраагы быйыл 14-февралда бошотулган.