Ошто көчөдө эле кетип бара жаткан кызды сөккөн блогер Бишкектен кармалып, Ошко жеткирилди (видео)

Ошто көчөдө кетип бара жаткан кызды сөккөн блогер Бишкектен кармалып Ош шаарына жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Ош ШИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга блогердин үстүнөн эки арыз түшкөн. Активист жана блогер Азамат Ормокеев 25-мартта Т.Н.нын үстүнөн арыз жазган. Ал блогерди Ош шаарынын Достук көпүрөсүндө бейтааныш кызга карата одоно уят сөз айткандыгы үчүн иликтөөгө алып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Ушундай эле мазмундагы арыз менен 26-мартта Өзгөн районунун 2002-жылы туулган тургуну дагы кайрылган.
"Жаран Т.Н. ыкчам кызматкерлер тарабынан Ош ШИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Анын кыймыл-аракетине юридикалык баа берилет", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин блогердин видеосу менен социалдык тармактын колдонуучулары бөлүшүп, анын бул кадамына нааразы болушкан. Андан соң блогер кайрылуу жасап, элден кечирим сураган.

27.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан