"Крокустагы" теракт: Фаридуни Шамсидиндин Тажикстандагы үйүнө мөөр басылды

Коңшу Тажикстанда Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлдогу" теракт үчүн айыпталган Фаридуни Шамсидиндин үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон үй жабылды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Фаридун Шамсиддиндин үй-бүлөсүнүн үйү Душанбе шаарынан 50 чакырым алыстыкта ​​орун алган Гиссар шаарына жакын Лойоби айылында жайгашкан. Азыр үйгө мөөр басылып, жабылды.

Терактка шектүү Шамсиддиндин үй-бүлөсүн формачан адамдар Душанбеге алып кетишкен. Учурда үйдү милиция кызматкерлери кайтарууда.

Буга чейин Орусиянын Тергөө комитети Москвадагы "Крокус Сити Холл" борборундагы терактты Шамсидин Фаридуни жетектегенин аныктаган. Тергөө комитети аныктагандай, ал кураторлордон көрсөтмөлөрдү алып, калган террорчуларга маалымат берген. Ал ошондой эле чабуулдун планын даярдаганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан