"Оор күндөр күтүп турат". Сербиянын президенти сырдуу билдирүү жасады

Сербиянын президенти Александр Вучич Сербияны алдыда оор күндөр күтүп турганын айтып, жакын арада жарандарга өлкөнүн алдында турган бардык кыйынчылыктар тууралуу маалымат берерин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Сербияны оор күндөр күтүп турат. Акыркы 48 саатта кандай жаңылыктарды алганыбызды азыр айтуу кыйын. Алар Сербиянын да улуттук кызыкчылыктарына коркунуч туудурат. Жакынкы күндөрү мен алдыда боло турган кыйынчылыктар тууралуу элиме кабарлайм. Бул кыйын болот. Биз күрөшөбүз, Сербия жеңет", - деп жазды Вучич.

Ал өлкө кандай коркунучтарга дуушар болорун тактаган жок. Бирок айрым маалымат каражаттары Вучичтин бул билдирүүсүн Косовонун Еврокеңешке кирүү ыктымалына байланыштуу деп божомолдошууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан