Түркияда окуп жаткан Марлен: "Чет өлкөдө байлар, акчасы көптөр окуйт деп ойлочумун..."

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Азыркы учурда чет өлкөдө билим алып жаткан жаштардын саны күндөн-күнгө көбөйүп жатканы айтылат. Бул абдан кубантарлык жагдай. Чет жерде билим алуу, жашоо чоң эмгекти жана эркти талап кылары айтпаса деле белгилүү. SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын маек төрүндө бул жолу Түркиянын Измир шаарында окуп жаткан мекендешибиз Марлен Борубаев болмокчу.

Марлен Борубаев 2004-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылында туулган. Азыркы учурда Түркиянын Измир шаарындагы Докуз Эйлүл университетинде Америка маданияты жана адабияты бөлүмүндө окуп жатат. Кыялдарынын артынан сая түшкөн кыргыз жигити менен билим сапары, максат-кыялдары тууралуу маек курдук.

Марлен элеттеги орто мектепти аяктаган соң кыялдарын ишке ашыруу максатында Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетине тапшырган.

- Орто мектепти айылдан эле бүттүм. Окуучулук күндөрүмдү активдүү колдонууга аракет кылып, кыргыз тили, англис тили сабактарынан олимпиадаларга көп жолу катыштым. Мектепти бүтүргөн соң окуучулук кыялым болгон Кыргыз-Түрк "Манас" университетине тапшырып, бир жыл окудум. Окуу маалында Түркияда окугум келип жүрдү, ал жактын маданиятына, кооз жерлерине кызыгып жүрдүм. “Жакшы тилек - жарым ырыс” дегендей бул жакка да окууга бат эле келип калдым. Каалоо жана аракет болсо, баары болоруна күндөн-күнгө ишенип бара жатам. Азыр бул жакта кызыктуу, ар түстүү студенттик жашоомду жашап жатам, окуудан сырткары театрда ойнойм, жакында эле элге бир канча оюндарыбызды тартууладык. Киного да чакыруу алдым, буюрса апрелден тарта ал долбоорубуз да башталат. Дагы көптөгөн долбоорлордун үстүндө иштөөдөбүз, буюрса байма-бай бөлүшүп турууга аракет кылам.

- Түркияга болгон билим сапарыңыз жөнүндө кеп кылсаңыз. Кайсы программа менен баргансыз? Анын артыкчылыктары, даярдыктар, кантип өтсө болот?

- Мектепте окуп жүргөн маалда эле чет өлкөдө окуу кыялым болчу, бирок кол жетпестей эле сезиле берчү. Ал жакта байлар, акчасы көптөр окуйт деген чектөөлөр менен мектепти бүттүм. Университеттеги алгачкы айларда аракет кылса баары эле окуй ала турганын түшүнө баштадым. Мен түшүнүп жеткиче акысыз окутуучу “Түркия Бурсалары” стипендиялык программасына кабыл алуу бүтүп калыптыр. Стипендиялык программа болбосо, башка жолдору деле бардыр деп үмүтүмдү үзбөй издене бердим. Анан Рысбек Ысманов деген байкени инстаграмдан таап алып, окуу багытында жардам ала баштадым. Аттестат менен келишимдик негизинде окууга тапшырдык, 2-3 айдан кийин кабыл алуу катын алдык. Азыр болсо Измирдеги Докуз Эйлүл университетинде Америка маданияты жана адабияты бөлүмүндө окуп жатам. Түркияга келем дегендер стипендиялык программага жакшылап даярдануусун сунуштайм. Жатакана, окуу акысы, медициналык камсыздоо, кыскасы баарын камсыздап берет. Эң маанилүүсү, мага окшоп кечигип калбагыла. Грамота, сертификаттарды болушунча топтоп, мектеп бааларын да жакшыртсаңар, өтүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

- Сонун, чет өлкөдө окууну каалагандар үчүн пайдалуу кеңеш болду. Америка маданияты жана адабияты тармагын атайын тандап алдыңызбы же мүмкүнчүлүк болуп калганы үчүн окуп жатасызбы?
- Бул жактагы университеттерге тапшырып жатканда өзүңө жаккан 3 же 5 бөлүмдү тандашың керек экен. Анан аттестат бааларыңа жараша тандалат. Эгер баалар жакшы болсо, эң биринчи тандаган бөлүмүңө түшөсүң. Мен да эң биринчи орунга бул бөлүмдү тандадым, бул бөлүмдө окуп калдым. Эң биринчиге койгонумдун себеби - маданиятка, чыгармачылыкка кызыкканым болсо керек. Ошондой эле сабактар жүз пайыз англисче болгон үчүн бул бөлүмдү тандадым. Мен каалагандай сабактар болуп жатат, дүйнөлүк классикаларды англис тилинде окуп, талдап жатабыз. Англис тилин канчалык билсең деле чет тилде билим алуу бул жылы бир аз кыйыныраак болуп жатат. Кыйын болуп жатса, демек англис тилим өнүгүүдө (күлүп).
- Билим жөнүндө кеп кылып жатып китепти унутта калтырууга болбосо керек. Кандай багыттагы, кайсы тармактагы китептерди көп окуйсуз? Эң жакшы көргөн китебиңиз кайсы?
- Албетте, китеп окуу - эң жакшы көргөн хоббилеримдин бири. Китеп окууда балансты сактоого аракет кылам, б.а. көркөм адабият жана жеке өнүгүү үчүн китептерди алмак-салмак окуйм. Бирок классикалык көркөм чыгармалар көбүрөөк жагат. Акыркы убактарда университеттеги сабактарыбызга байланыштуу Шекспирдин трагедияларын окуп жатабыз. Эң жаккан китептерди тандоо мен үчүн эң кыйын тандоолордун бири, ошентсе да бир канча китептерди мен үчүн алдыңкы катарда деп атай алам: “Маркумдар үнү”, “Каныбек”, “Мартин Иден”, “Anne of Green Gables”, “Atomic habits” жана башкалар. Жаңы китеп окуп баштагандар, түшүнүүгө жеңил, кызыктуу китептерди окуп баштасын деп сунуштайт элем. Мисалы: “Каныбек”.
- Мекенди, ата-энени сагынган чыгарсыз... Кыргызстанга келгенде эмнелерди кылсам деп турасыз?

- Албетте, мекенден алыс жүргөндөр дайыма мекенин сагынат экен. Ата-эне, тууган-урук, дос-жар, баары дайыма жүрөктөрдө жашайт, дагы жакшы телефон бар, сүйлөшүп турабыз. Бул жактан кыргыз көрүп калсаң бир тууганыңды көргөндөй сүйүнөсүң. Буюрса, мекениме жайкы каникулда барам. Жакында эле “Барганда кылгым келген нерселер” деп инстаграмга бөлүштүм эле. Ар түрдүү пикирлерди алдым, сөздүн маанисин туура эмес түшүнгөндөр терс пикирлерди жазышууда. Кантсе да, эң көп сагынгандарым, албетте үй-бүлөм, андан кийин тамактарын сагындым. Бул жакта деле тапсаң болот экен, бирок Кыргызстанда тамактар баары бир башкача, өзгөчө даамы бар. Андан сырткары, Кыргызстанга барганда комуз үйрөнгүм келип жүрөт. Өз улуттук баалуулуктарыңды чет өлкөлүктөргө таанытуу - өзүнчө бир сыймык. Бир нерсени байкадым, чет өлкөдө жүргөн кыргыздар көбүрөөк мекенчил болот экен.
- Социалдык тармактагы UIRON курсун негиздөөчүсү болосузбу? Курстар тууралуу айтсаңыз. Башка курстардан эмнеси менен айырмаланат?

- Ооба, бул баракчаны мен алып барам. Башында пайдалуу маалыматтарды кыргызчага которуп бөлүшчүмүн, кийин тил курстарын да кошуп алдым. Мага окшоп жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан студентке дайыма финансылык колдоо керек болот экен, бирөөдөн күтпөй өзүмдү-өзүм камсыздоону туура көрдүм. Өзүм да тил үйрөнүү этаптарын, анын кыйынчылыктарын басып өткөн үчүн - оңой жолдор, түшүнүктүү тил менен сабак өткөнгө аракет кылам. Тил үйрөнүү көп практиканы талап кылгандыктан, жакында эле африкалык досумду практика мугалими кылып кошуп алдым. Окуучуларым да жандуу түрдө native speaker менен сүйлөшүп, тил байлыгын жогорулатууда. Башка курстардан айырмасы - эркин графикте болгону. Америка, Европа, Дубай, Корея, кыскасы дүйнөнүн булуң-бурчунан студенттер окуган үчүн - эркин график баарына ыңгайлуу.
- Жашоодо кандай эрежелерди көп колдоносуз?

- Көбүнчө чоң ата, чоң энемдин колунда өсүп калдым, байкап көрсөм алардан көп жакшы сапаттарды алыптырмын. Эрте тургузуп, аял-эркектики дебей бардык ишти кылчубуз, азыр да эрте турам көбүнчө. Үйгө барсам деле аялдын иши деп отурбай идиш жууп, тамак жасай берем. Таза, тыкан болгону аракет кылам - бул сапатты чоң энемден алсам керек. Ыраматылык энем үчүн дайыма тазалык биринчи орунда эле. Ошондой эле акыркы убактарда дайыма жаныма суу алып жүрүүнү адат кылып алдым, суу көп ичүү - ден соолукка жакшы. Дайыма изденүүдө болуш керек экен, ушул эрежени көп эстеп калдым.
- Социалдык тармактагы баракчаңызга баш багып, көп саякаттаганыңызга күбө болдум…

- Ооба, саякаттаган кимге эле жакпасын. Биз жашаган Измир шаарында эски гректерге, Осмон империясына таандык көп жерлер, кызыктуу шаар урандылары, кооз шаарчалар, пляждар көп. Ал жактарга баруу, кирүү акылары студенттерге аябай эле арзан. Студенттик картаң болсо 100 сомго жетпеген акча менен шаардын башка учуна барып, толтура кызыктарга күбө болсоң болот. Студенттерге жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Убактым болсо эле ошол жерлерге барып, көрүп, жаңы маданият менен таанышып келгени аракет кылам. Кээде ютубка да travel vlog кылып жүктөп турам, эстелик болсун деп. Эң эсте калганы 19 жашка толгон туулган күнүмдө Эфес антикалык шаарына барганыбыз. Бул жер бир убактарда дүйнө 7 кереметинин бири болгон экен, ютубка да атайын чыгарылыш кылып бөлүшкөм. Жакында экзамендерибиз бүткөндө барчу жерлерди тизмектеп койдум, чыдамсыздык менен күтүүдөмүн.
- Сизди алдыга сүрөгөн, чарчаганда күч берген, максат-кыялдарыңызды эстетип турган өрнөгүңүз эмне?
- Менин максаттарым - мага дайыма алдыга жылуума түрткү берет. Адам болгондон кийин кээде чарчайсың, жалкоолоносуң, эч нерсе кылгың келбейт. Ошондой учурларда өзүмдү бош коё берем, уктайм, эс алам жакшылап. Бир кызык нерсе, ушундай чарчаган, эч нерсе кылгым келбей калган маалдарда ыр жазгым келе берет. Жакшы саптарды чиймелеп коём кээде. Максаттарымды эстеп, каалоолорумду көздөн өткөрүп, өзүмө келип калам көбүнчө.
- Түрк жарандары эмнелер тууралуу көп кыялданышат экен?

- Түрк жарандары дайыма меймандос келишет экен, жаман көрүп турса да жылмайып, жакшы сүйлөп турушат. Бизден айырмаланып чайды көп ичишет, бири-бири менен карым-катнашы жакшы. Көзүм жымшык болгон үчүн дайыма келишип “Корейсиңби? Кытай же Жапонсуңбу?” деп көп сурашат, кээде сүрөткө да түшүп кетишет. А кыялданууга келсек, бизден өзгөчөлүгүн деле байкабадым, биз сыяктуу эле чет өлкөгө чыккысы келет экен, Америка, Европаны кыялданышат экен көбүнчө. Андан башка өзгөчөлүктөрүн азырынча байкай элекмин.
- Учурда көпчүлүк бүтүрүүчүлөр кайсы кесипти тандасам, кайсы жогорку окуу жайына тапшырсам деген түрдүү суроолордун кучагында турган чагы. Кесип тандоодо көңүл бура турган жагдайларды атай өтсөңүз?

- Ооба, кесип тандоо - бүтүрүүчүлөрдүн эң чоң көйгөйлөрүнүн бири. Мен бул жаатта мыкты адис болуп чыга элекмин, бирок, инстаграм баракчамда мыкты адистерден кеңештерди алып, бөлүшүп турам, аз да болсо жаштарыбызга пайдалуу болсун деп. Бир канчасын белгилей кетейин:
⁃ Акчасына карап, өзүңө жакпаган кесипти тандаба. Эртеби кечпи бул кесипти таштап коюшуң мүмкүн. Ошондой эле өзүң сүйбөгөн жаатта ийгилик жаратуу кыйын. Өзүңө жаккан, жан дүйнөңө туура келген кесипти тапканга аракет кыл. Финансы жагына келсек, эгер өз кесибиңдин мыкты адиси болсоң, акча сени өзү эле таап алат.
⁃ Кесипти алмаштырса болот. Ооба, көбү туура эмес ойлошот, бир кесипти тандайм жана ошону менен өмүрүмдүн аягына чейин жашайм деп. Бирок, кесипти дайыма алмаштырса болот экенин эстен чыгарбаңыздар. Эгер жакпай калса 5-10 жылдан кийин жаңы бир кесиптин ээси болуу - нормалдуу эле көрүнүш деп ойлойм.
- Мыкты жооп болду. Эгер бакыттын сүрөтү болсо, ал жерден эмнени көргүңүз келет?

- Өзгөчө суроо экен, мурун ойлонуп көрбөптүрмүн. Оюма дароо эле үй-бүлөм келди. Чоң ата, чоң энем кошо толук үй-бүлөмдү элестеттим. Чын эле үй-бүлөдөн өткөн бакыт жок, бирок аны кээ бирибиз эрте, кээ бирибиз кечирээк түшүнөт окшойбуз. “Чыныгы бакыт үй-бүлөң экенин түшүнүү үчүн бүт дүйнөнү кыдырып келүүгө туура келет” деген сөз бекеринен айтылбаса керек.
- Жашоодо кыйынчылыктар болбой койбойт. Сиз жашоодогу татаалдыктардан кантип чыгасыз?

- Албетте, жакшылык менен жамандык дайыма эриш-аркак жүрөт экен. Кээде жакшы күндөр болот, көбүрөөк болсо экен ушундай күндөр деп ойлойсуң. Кээде тескерисинче. Кыйынчылыктар, көйгөйлөр болгондо - жалгыз калганга аракет кылам. Жалгыз калганда өзүң менен өзүң беттешесиң, сүйлөшөсүң, көйгөйлөргө чечим издейсиң. Ыйлагың келсе, эч кимге көрүнбөй ыйлап алсаң - ичиңдеги муң чыгып кетет экен. Өзүңдү жеңил сезип, мээ жакшыраак иштеп баштаарын көп байкадым. Кыйынчылык болсо - андан качпай, тескерисинче аны чечкенди үйрөнүп жатам, бул мага көп тажрыйба, жаңы мүмкүнчүлүк да берүүдө. Жашоодо кыйынчылыктар дайыма эле болуп турарын кабыл алсаң эле аны менен күрөшүү оңой болот, менин оюмча.
- Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Билим сапарыңыз байсалдуу болсун.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан