Өзбекстандагы бардык министрликтер Жаңы Ташкент шаарына көчүрүлөт 

Өзбекстандын аткаруу бийлиги Жаңы Ташкент шаарынын аймагына көчүрүлөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, бул туурасында президенттин “Мамлекеттин экономикага катышуусун кыскартуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгында айтылган.

Чечимге ылайык, Жаңы Ташкент шаарын куруу боюнча координациялык кеңеш (төрагасы премьер-министр Абдулла Арипов) 3 айдын ичинде республиканын аткаруу бийлигин жаңы шаардын аймагына көчүрүү сунушун киргизет.

Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик мекемелер акырындык менен Жаңы Ташкентке көчүп, азыркы имараттардын ордунда мейманканалар, тейлөө жана соода объектилери ачыла турганын билдирген.

Жаңы шаар Ташкенттин чыгышында Жаңы Өзбекстан паркынын аймагында жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан