Москва шаарындагы "Шереметьево" эл аралык аэропортунда 20дай кыргызстандык кармалып турат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, учурда аэропорттун транзиттик зонасында ар кандай себептер менен паспорттук текшерүүдөн өтө албай калган 20га жакын Кыргыз жараны бар. Алар элчиликтин ишеним телефонуна алардын тамак-ашын уюштуруу маселеси боюнча кайрылып, тез арада чечилген.
"Элчиликтин кызматкерлери аэропорттогу жарандар менен байланышта болуп, аларды кийинки каттамдар менен Кыргызстанга жөнөтүү маселесин иштеп жатышат", - деп билдиришти министрликтен.