Орусиянын эки облусунда мигранттарга таксист болуп иштөөгө тыюу салынды

Орусиянын Новосибирск облусунда эмгек мигранттарына таксист, ичимдик жана тамеки сатуучу болуп иштөөгө тыюу салынды. Мындай жарлыкка аталган облустун губернатору Андрей Травников 15-апрелде кол койгон.

Новосибирскте иштеген ишканалар бул жарлыкка ылайык жумушка орношкон чет элдик жумушчулардын санын алып келүүгө тийиш. Мындай кадам улуттук коопсуздукту, Новосибирск облусунун калкынын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу максатында жасалып жатканы айтылды.

Эртеси, 16-апрелде Камчатка аймагынын губернатору Владимир Солодов патент менен иштеген мигранттарга облус боюнча таксиде иштөөгө тыюу салган жарлык чыгарды. Облус жетекчиси мындай чечимин аймакта көбүнчө ар кандай кылмыштарды жасаган мыйзамсыз мигранттар таксиде иштеп жатканы менен түшүндүрдү.

"Көрүлгөн чара жана жалпысынан миграциялык саясатты катаалдаштыруу жүргүнчүлөрдү ташуучу такси менен жүргүнчүлөрдү ташуу рыногун коопсуз кылат деп ишенем", - деп жазды ал өзүнүн Телеграм каналына.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан