Токаев Казакстанда суу каптаган аймактарга казак миллиардерлери жардам көрсөтөрүн айтты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев суу баскан аймактардагы жабыр тарткандарга казак миллиардерлери жардам бере турганын айтты. Бул тууралуу Казакстан президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчы Костанай облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө суу ташкынын жоюуга колдон келген жардамын көрсөтүп жаткан бизнес өкүлдөрү жана ыктыярчылар менен жолугушкан. Анда ал казак миллиардерлери суу ташкындын кесепеттерин жоюуда чоң көмөкчү болорун билдирген.

"Бизде Forbes тизмесине кирген бай ишкерлерибиз бар. Алар менен сүйлөшүүлөр болот. Ар бир облуска, районго, айылга бекитилет. Бул алардын да кызыкчылыгында, салымдарынын натыйжаларын көрүшөт. Өз элине жардам берип жаткан кайрымдуу адам катары ысымдары мамлекет тарабынан көз жаздымда калбайт", - деген Касым-Жомарт Токаев.

Ошондой эле Токаев ыктыярчыларга ыраазычылык билдирип, аларды ар тараптан колдой турганын баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан