Сыйлык моюнга тагылган милдет. Бул тууралуу манасчы Рысбай Исаков сыйлык алгандан кийин эмоциясы менен бөлүшүп жатып билдирди.
"Сыйлык – биздин көтөргөн жүгүбүздү андан ары оорлото турган нерсе. Ошого татыктуу болуп, эл жүгүн татыктуу аркалаганга аракет кылабыз. Муундан муунга үзүлбөй келе жаткан баба мурасын келечектеги муундарга жеткирип берүүгө далбастайбыз", - деди манасчы.
Эске салсак, Рысбай Исаковго Кыргыз Эл артисти наамы бүгүн, 18-апрелде Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде ыйгарылды. Аны президент Садыр Жапаров өзү тапшырды.