Сузак районунда манас айтып жаткан окуучуларды сүзүп кеткен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унааны айдоочусу токтотуп койгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 2-май күнү саат 13:30 чамасында Сузак районунун Жерге-Тал айылында Көк-Арт, Багыш айылдарынын мектеп окуучулары Манас айтуу программасына катышуу учурунда токтоп турган Hyundai Porter унаасы окуучуларды сүзүп кеткен. Унаа Жерге-Тал айылынын 1976-жылы туулган Ж.Б. аттуу жаранына таандык болгон. Ал унаасын токтотуп койгон жеринен унаа өзү ордунан жылып кеткен.
Учурда милиция кызматкерлери жеринде териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги кырсыктан 29 бала жабыркаганын, алардын жетөө реанимацияга жатткырылганын билдирген.