Кечээ, 18-апрелде Индонезиядагы "Руанг" жанар тоосу атылган. Мындан улам 11 миңден ашуун адамды эвакуациялоо чечими кабыл алынган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Кооптуу аймакта кеминде 11 615 тургун коопсуз жайга көчүрүлүшү керек", - деп билдирген Индонезиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Андагы маалыматтарга таянсак, жарылуу учурунда күчү 3,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Акыркы суткада беш ири жарылуу болгон. Япониянын метеорологиялык агенттигинин маалыматы боюнча жанар тоо күчтүү деңгээлде атылса, бийиктиги 25 метрге чейин жеткен цунами болушу мүмкүн.
Ошондой эле, Индонезияда "Руанг" жанар тоосунун атылышынан улам бир нече эл аралык аэропорттордо каттамдар токтотулган.