Ошто садака үчүн чогултулган акчаны уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-апрелде милицияга Кара-Суу районундагы мечиттерге орнотулган садака кутучаларынан акча уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн.
Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Жалал-Абад облусунун 1997-жылы туулган А.Д. аттуу тургуну кармалган.
Тергөөдө шектүү жаран 4 мечитке кирип, садака кутучаларын бузуп, андагы акчаларды уурдап кеткендиги аныкталган. Келтирилген чыгымдын болжолдуу 250 миң сом.
Учурда тергөө амалдары уланууда.