Ноокен районунун Бостон айылында кокту-колоттордон чогулган сел суулары 42 турак жайды каптап, 3 үйдүн ичине кирип, Бишкек – Ош автоунаа жолунун 510-чакырымында унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде ӨКМден билдиришти.
Ага ылайык, Жалал-Абад башкармалыгынан ыкчам топ тартылып, штаб түзүлгөн. Жерине Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунан жана Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 122 куткаруучусу тартылды. Ал эми кооптуулук жаралган аймакта жашаган жарандар коопсуз жайга эвакуацияланды.
"Жерине райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын жана ӨКМдин 29 инженердик техникасы тартылып, кооптуулук убактылуу жоюлду", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуу кызматынын башчысы Абсаттар Сыргабаев табият кырдаалынан жаралган абал менен таанышып, тийиштүү ыкчам чара көрүү тапшырмаларын койду.