23-26-апрель аралыгында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Мындай билдирүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты.
Билдирмеге ылайык, туруксуз аба ырайынан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
Министрлик арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштайт.