Сел каптаган Кызыл-Кыя шаарында тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
ӨКМ билдиргендей, бүгүн, 23-апрель күнү эртең менен катуу жааган жаандан улам Кызыл-Кыя шаарын сел каптап, турак жайлардын короолоруна суу толгон. Селден кийинки кесепетти жоюу үчүн жалпы 56 куткаруучу, 10 мотопомпо, жергиликтүү бийликтен 3 бирдик экскаватор, тазалык ишканасынан 2 водовоз тартылган.
Натыйжада сел сууларынан 2 көп кабаттуу турак үйлөрдүн жер төлөлөрү жана 30 жеке турак жайдын короолору тазаланган.
Ошондой эле дагы бир көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүн тазалоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.