Орусияда бешинчи жолу президенттикке шайланган Владимир Путиндин инаугурациясы 7-майда өтөт. Бул тууралуу орус парламентинин Федерация кеңешинин мүчөсү Андрей Клишастын билдирүүсүнө таянып орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, 6-майда сенаторлор COVID-19 үчүн ПЦР-тестинен өтүшү керек.
Эскерте кетсек, Орусияда президенттик шайлоо 15-17-март аралыгында өтүп, ага 4 талапкер катышкан. Азыркы президент Владимир Путин шайлоочулардын 87,28 пайыз добушуна ээ болгон. Муну менен ал мамлекетти дагы алты жыл башкаруу укугун алды.