Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-апрелде милицияга И.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал февраль айында калаадагы соода борборлорунун биринде чала таанышы кымбат сатып берем деп iPhone үлгүсүндөгү телефондорду алып, андан соң из жашырып кеткенин айткан. Шектүү жабырлануучуга жалпы 145 миң доллар зыян келтирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1989-жылы туулган Р.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.