"Көрүстөнү болбойт". "Крокуста" өлгөн ырчынын апасы уулунун өлүмүн далилдей албай жатат

Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлдогу" терактта сүйлөшкөн кызын коргоп, террорчулардын колунан каза болгон майып ырчы Максим Вербениндин апасы уулунун өлүмүн далилдей албай жатат. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Куткаруучулар билдиргендей, Максим Вербен өрттүн очогунда калып калган. Ал жерде температура +800 градуска жеткен.

"Муну айтуу кыйын, бирок уулумдун бардык органдары күйүп кетиптир. Эч нерсеси аман калган эмес жана табылган жок. Мага алгач аны дайынсыз жоголду деп айтышкан. Эми көптөгөн кагаздарды чогултуп, бардыгын сотко берүү керек. Анан сот аркылуу гана баламдын өлгөндүгү тууралуу кагаз ала алам", - деген маркумдун апасы.

22-апрелде Максим Вербен 26 жашка чыкмак. Бул күнү маркумдун апасы "Крокус Сити Холлго" келген.

Эскерте кетсек, көптөгөн эл аралык вокалдык сынактардын жеңүүчүсү, омуртка булчуңдарынын атрофиясы менен жабыркаган Максим Вербенин сүйлөшкөн кызы менен "Пикник" тобунун концертине барган. Билеттерди сатып алууда ал залдагы орундарга майыптар коляскасы менен жетүү үчүн көпкө тандаган.

Террорчулар залга кирип, алдынан чыккандарды ата баштаганда Максим менен анын сүйлөшкөн кызы кача албай калган. Бир тарапта террорчулар, экинчи тарабында тепкичи жок пандус бар болчу. Максим сүйлөшкөн кызын денеси менен октон коргоп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан