Бишкектин Ак-Босого конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектепке чейинки мекеме бир кабаттуу. Имараттын жалпы аянты – 1413,01 чарчы метр. Ал эми жердин аянты - 0,5714 гектар.
"Имаратта кийинүү, оюн, уктоочу бөлмөлөрү, кампа, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык кабинет, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле музыка-гимнастикалык зал каралган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда темир-бетон каркастарын куруу иштери жана чатырын жабуу аяктап, кирпич коюу иштери улантылууда.
Мектепке чейинки мекемени куруу үчүн "AT Empire" ЖЧКсы подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.