Терроризм 21-кылымдын эң олуттуу коркунучтарынын бири бойдон калууда. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургдагы коопсуздук боюнча эл аралык жыйындын катышуучуларына видеокайрылуу учурунда билдирди.
"Албетте, эл аралык терроризм 21-кылымдын эң олуттуу коркунучтарынын бири бойдон калууда. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарында жасалган, анын артында бир гана радикалдуу топтор эмес, айрым мамлекеттердин атайын кызматтары турган теракттардын максаты – улуттар аралык жана диндер аралык кастыкты козутуу, конституциялык негиздерди бузуу жана эгемендүү мамлекеттерди туруксуздаштыруу", - деди Путин.
Ошондой эле кайрылуу учурунда Путин "Крокустагы" терактка дагы токтолду. Анда ал теракттын катышуучуларынын бири дагы жазадан кутулбашы керектигин баса белгиледи.