Эл аралык медициналык университеттин окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган университеттин студенти 2023-жылдын ноябрь айынан бери андан мугалим акча талап кылып, окуусуна кысым көрсөтүп жатканын айтып, милицияга арыз менен кайрылган.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
"ИИМдин кызматкерлери тарабынан университеттин имаратында окутуучу 81 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.
Шектүү катары кармалган 35 жаштагы И.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.