Бишкекте терроризмдин алдын алуу боюнча эл аралык конференция өттү

Бүгүн, 24-апрелде Бишкекте "Терроризм жана экстремизм: Заманбап чакырыктар, коркунучтар жана Борбордук Азиянын регионалдык коопсуздугун камсыздоодогу саясий-укуктук аспектилер" деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, ага мамлекеттик органдардын жана укук коргоо түзүмдөрүнүн, илимий-изилдөө борборлорунун, эксперттик-аналитикалык түзүмдөрдүн, жогорку окуу жайлардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын кызматкерлери, Борбордук Азиянын жана алыскы өлкөлөрдүн эксперттери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Анда ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп, дүйнө жүзүндө эң башкы көйгөйлөрдүн бири болуп жаткан терроризм менен экстремизм маселесин алдын алууда, ага каршы күрөшүүдө укук коргоо органдарынын гана эмес, эл аралык уюмдардын да ролун баса белгиледи.

Катышуучулар терроризмди, экстремизмди алдын алууда, ага каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыздоодо мамлекеттик органдардан сырткары жарандык институттардын маанилүүлүгүнө токтолушуп, бирдиктүү иш алып баруу керектиги айтылды. Ошондой эле экстремисттер азыркы заманбап шарттарда маалыматтык технологияларды колдонуу менен аярлуу катмарга психологиялык таасир этүүлөрүн болтурбоо үчүн укук коргоо органдары тарабынан зарыл болгон иштер жүрүп жатканы кошумчаланды.

Баяндамалары менен чыккан эксперттер да бул теманын алкагында илимий изилдөөлөргө таянып, терроризм менен экстремизмди алдын алуудагы маселелер, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууну күчөтүү, Борбор Азия чөлкөмүндө коопсуздукту камсыздоодогу саясий-укуктук аспектилер боюнча өздөрүнүн пикирлерин билдиришти. Аларга каршы аракеттенүүнү уюштуруу үчүн өсүп келе жаткан муунду патриоттук жана руханий, адеп-ахлактык тарбиялоо чөйрөсүндөгү маалыматтык түшүндүрүү иштерин активдештирүү зарылдыгы баса белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан