Кореялык белгилүү ютубер Инчхон шаарында мечит куруп баштады

Кореялык белгилүү ютубер Дауд Ким Инчхон шаарында мечит куруп жатат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген.

"Сиздердин жардамыңыздар менен акыры Инчхонго мечит куруу үчүн жер келишимине кол койдум. Бул жер жакында мечитке айланат. Бул күн келгенине ишене албай турам. Мен Аллага сыйынуучу жана ислам динине үгүттөгөн жай курууну пландап жатам. Ал жерде Корея элине ислам дини даңазаланат. Бул абдан чоң иш жана көптөгөн көйгөйлөр болорун сезип турам. Бирок мен Кореянын ар бир көчөсүндө азандын сонун үнү жаңырып турушуна чейин аракет кылам", - деп жазган ал.

Дауд Ким 2019-жылдан бери ислам динин карманат. Анын Инстаграмдагы баракчасында 3,5 миллион, ал эми Ютуб каналында 5,55 миллион катталуучу бар.

Кореялык белгилүү ютубер Инчхон шаарында мечит куруп баштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан