Садыр Жапаров Азербайжандын Физули шаарына барды. Аны Алиев өзү тосуп алды (фото)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-апрелде, Азербайжанга болгон мамлекеттик сапардын алкагында Физули шаарына келди. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Физулинин эл аралык аэропортунда Кыргызстан менен Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлдү, ардак кароол тизилди. Президент Садыр Жапаровду Азербайжандын президенти Ильхам Алиев тосуп алды.

"Мамлекет башчылары калктуу конуштарды реконструкциялоонун башкы планы менен таанышып, Агдам шаарына барышат, андан башка Азербайжанга белек катары Кыргызстан тарабынан тургузула турган мектептин курулушун баштап беришет", - деп жазылат андагы билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан