Бишкекте "Алай шырдамалы" фестивалы өттү

Бүгүн , 25-апрелде Бишкектеги Улуттук тарых музейинде Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган кол өнөрчүлүктү өркүндөтүү жана кыргыз элинин мурастарын сактоо максатында "Алай шырдамалы" фестивалы өттү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, анда шырдамалдын түрлөрүнүн көргөзмөсү менен катар Алайдын таттуу даамдары коюлган.

Иш-чараны демилгелеген депутат Динара Ашимова саамалыктын максаты - ата-бабалардан калган нарк-насилди даңазалоо жана ууз-чебер кыз келиндердин кол өнөрчүлүгүн коомго жайылтуу экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, фестивалга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик катчы, Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, коомдук ишмерлерлер, Түштүк Корея жана АКШдан чакырылган коноктор катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан