Өлкөдө 25-28-апрель күндөрү нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 25-28-апрель аралыгында туруксуз аба ырайынын жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
"Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайбыз", - деп билдирүү таратты ӨКМ.