Өлкөнүн бир канча жерлеринде жол оңдоо жумуштары кызуу жүрүүдө

Өлкөдө жол оңдоо жумуштары кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, “Кыргызавтожол” ишканасынын жолчулары тарабынан лотокторду жана жол четин тазалоо, тегиздөө, актоо, сырдоо, жол белгилерин алмаштыруу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери кызуу жүрүүдө.

Кыргызстандын төмөнкү аймактарында жол оңдоо иштери жүрүүдө:

- №34 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолундагы (271-372-чакырымдар аралыгы) тосмолордун түбү тазаланды.

- №956 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунда (5-8, 14-17 жана 18,5 -чакырымдар аралыгы) селден кийин калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

- №18 Жол тейлөө ишканасы Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Казарман-Арал тилкесиндеги суу өтүүчү түтүкчөлөрдү жана жолго түшкөн таштарды тазалашты.

- №6 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолундагы жол белгилерди жаңыртып, аялдамаларды актап сырдап, айлананы иретке келтиришти. Ошондой эле жолдо жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери жүрдү.

- №5 Жол тейлөө ишканасы тейлеген Мырзаке-Кара-Баткак жолунун 2-6-чакырымдар аралыгында селдин кесепеттерин жоюу, кеңейтүү иштери жүрүүдө. Дал ушундай эле жумуштар Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 18-19-чакырымдар аралыгында аткарылды.

- №28 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Бишкек-Кара-Балта унаа жолундагы тосмолордун түбүн тазалап жатышат.

Ага ылайык, Токмок-Шамшы-Туюк унаа жолунда (3-4-чакырымдар аралыгы) жолдо жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу жана ага даярдык көрүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан