Орусиянын Федералдык жыйынынын делегациясы Бишкектеги Өчпөс отко гүлчамбар койду

Бүгүн, 25-апрелде Орусиянын Федералдык жыйынынын делегациясы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине таазим этип, Бишкектеги Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар койду.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Экология, жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрагасы Дмитрий Кобылкин жетектеген делегация 26-апрелде боло турган эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташуу боюнча комиссиянын онунчу жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген.

Ошондой эле иш сапардын алкагында эки өлкөнүн парламентарийлеринин бир катар жолугушуулары пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан