Нигерияда жамгырдан улам 118 адам абактан качты

Нигерияда нөшөрлөп жааган жамгыр мекеменин тосмосунун бир бөлүгүн кулатып салгандан кийин 118 адам абактан качты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"24-апрелде шаршембиге караган түнү бир нече саат бою нөшөрлөгөн жаан Нигер штатынын Сулежа шаарындагы Жогорку коопсуздук кызматынын абагына, ошондой эле анын айланасындагы имараттарга зыян келтирип, тергөө абагынын бир бөлүгүн, анын ичинде периметри боюнча тосмолорду талкалап салган",-деп Нигериянын түзөтүү кызматынын өкүлү Адаму Дуза билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 118 адам качып кеткен. Алардын ону дароо кармалып, калганын тез арада табуу аракетинде. Учурда башкармалык тарабынан башка абактардан качуу фактыларынын алдын алуу жана шарттарды бекемдөө чаралары көрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан