Муфтият быйыл битир-садакадан канча акча чогулганын маалымдады
Быйыл өлкө боюнча битир-садака бергендердин эсебинен 57 миллион 467 миң 895 сом чогулду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 60 пайызы жергиликтүү мечиттерден, 30 пайызы райондук хатибияттар жана аймактык казыяттардан муктаждарга таратылды жана таратылууда.
Муфтияттын эсебине 10 пайызы келип түштү. Бул сумма атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен КМДБнын курамындагы медреселерге, арыз менен кайрылган ар кандай муктаж жарандарга жана жетим-жесирлерге таратылууда.