Кытайдын Гуандун провинциясында 27-апрелде катуу торнадо болуп жана муштумдай мөндүр жаады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктан 5 киши каза болуп, 33ү жаракат алган.
Видеолордон алай-дүлөй түшүп жүрөк үшүн алган катуу шамал болуп жатканын жана муштумдай болгон мөндүр чатырларды тешип кетип жатканын көрүүгө болот.
Гуандун облусунун борбору Гуанчжоу шаарында электр мамылары жарылып, имараттардын сыныктары айланага чачылган. Бийлик 141 имарат жабыркаганын билдирген.