2012-жылы туулган Камилов Раатбек Кубанович изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Чүй ОИИБинен билдирди.
Маалым болгондой, 29-апрелде саат 22:00дө Ак-Ордо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан уулун издөөгө көмөк сурап анын ата-энеси милицияга кайрылган.
Өзгөчөлүгү: бою 120-125 сантиметр, арык денелүү.
Кийген кийими: жашыл куртка, кара футболка, күрөң түстөгү спорттук шым.
Милиция Раатбек Камиловду көргөндөр болсо кабарлап коюуну суранат. Байланыш номурлары: 0 (312) 43-01-27, 60-75-67; 0 (558) 86-14-86.