Ысык-Көлдө ишкерлерден опузалап акча талап кылып жүргөн деп шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерине белгисиз адамдар узак убакыттан бери акча талап кылуу жана коркутуп-үркүтүү менен алектенип, жарандардын бизнесин тартып алууга аракет кылып жатышкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында, Ысык-Көл облусунун аймагында бир нече адамдар өздөрүн криминалдык топтун мүчөсү катары тааныштырып, күч колдонуу менен ишкерлерден менчик укугун берүүнү жана опузалап акча талап кылышкандыгы аныкталган.
Кылмышка шектүү делип 1984-жылы туулган К.А., 1994-жылы туулган М.Б., 1993-жылы туулган К.Э. жана 1995-жылы туулган К.Э. кармалып, 2 айга камакка алынды. Алардын айрымдары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турат.
ИИМ жайкы туристтик сезондун алдында ички иштер органдары тарабынан коопсуздук чаралары көрүлүп жатканын кошумчалады.