Ошто сойкулук жасоого шектелген кыз менен ага көмөктөшкөн киши кармалды 

Ошто интернет аркылуу интим кызматын сунуштап, өзүн жарнамалаган деп шектелген кыз кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдирди.
Билдиргендей, интернет баракчаларында Дина деген ысым менен катталган белгисиз жаран өзүнүн сойкулук иштерин жарнамалап, кардарларды чакырган. Бул маалымат каттоого алынып, аны кармоо иштер жүргүзүлгөн.
"Натыйжада Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен сойкулук жасоого шектүү катары Кара-Суу районунун 1996-жылы туулган тургуну Ж.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүү Орусияда жүрүп, бир ай мурда Кыргызстанга келген. Аталган батирди 25-апрелде алып, 28-апрелден баштап сойкулук жасоо үчүн өзүн жарнамалай баштаган", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.
Ошондой эле шектүү аялга көмөк көрсөткөн батир ээси, Кара-Суу районунун 1998-жылы туулган М. уулу С. аттуу тургуну кармалган. Аны тинтүүгө алганда барсеткасынан бычак жана тапанча табылган. Табылган куралдар экспертизага жиберилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан