"Унуттуңбу?". Лукашенко министрди талаада колу менен топурак каздырды (видео)

Беларусь президенти Александр Лукашенко Могилев облусунун Костюкович районуна иш сапары менен барып, себүү иштерин 9-майга чейин бүтүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу СТВ каналынын сюжетинде айтылат.

Талаадагы текшерүү учурунда мамлекет башчысы Айыл чарба министри Сергей Бартошко "дан эгиндерин издегиле" деген талап койду. Ошентип президент себүү тереңдигин текшергиси келди. Лукашенконун талабынан кийин министр дан издеп жерди колу менен казды.

"Министр бул жердеби? Данды изде. Же сен бул кантип кылынарын унутуп калдыңбы? Бул жерде тереңдик канча?" - деди Лукашенко.

Сапардын жүрүшүндө Беларусь президентине талаа жумуштарына жана мелиорацияга керектүү техникалардын бардык линиясы көрсөтүлдү.

Лукашенко министрди дан издетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан