Бүгүн, 2-майдан баштап Колумбия Газа тилкесиндеги согушка байланыштуу Израиль менен болгон дипломатиялык мамилесин үзөт. Бул тууралуу кечээ, 1-майда Латын Америка өлкөсүнүн президенти Густаво Петро билдирди.
Колумбиянын президенти мындай чечимин эмгекчилердин эл аралык майрамына карата Боготада болуп өткөн массалык демонстрация учурунда билдирди. Анын айтымында, Израилди геноциддик президент жана өкмөт башкарып жатат.
"Бир сөз жашоонун, көтөрүлүштүн, туу көтөрүү жана каршылык көрсөтүү зарылдыгын актайт. Бул "Газа" деген сөз, бул "Палестина" деген сөз, булар кыздар жана балдар, өлтүрүлгөн ымыркайлар. Мына, силердин алдыңарда өзгөртүү өкмөтү турат, республиканын президенти эртең Израиль мамлекети менен дипломатиялык мамилелер үзүлөрүн жарыялайт. Анткени аларда геноциддик өкмөт жана президент бар", - деди мамлекет башчысы.
Колумбия дагы Түштүк Африканын Израилге каршы Эл аралык соттун ишине кошулду. Бул өлкө Газада согуш башталгандан бери Израиль менен дипломатиялык мамилесин үзгөн экинчи өлкө болуп калды. 2023-жылдын октябрынын аягында Боливия өкмөтү Израиль менен мамилесин үзгөнүн жарыялаган.