Өлкө аймагында күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Өлкө аймагында күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу 2-майга караган түнү саат 01:17де Кытайда (Бедел айылынан түштүк батышты карай 62 чакырым, Кумтөрдөн 98 чакырым түштүктү карай, Каракол шаарынан түштүк батышты карай 174 чакырым) катталып, күчү 4,5 баллга жеткен. Кыргыз-Кытай чек арасындагы жер силкинүү Ысык-Көл облусунун Бедел айылына 2,5 баллга чейин сезилген.
ӨКМ кырсык кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан