Эрдоган Ислам дүйнөсүн Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулдарын токтотуу үчүн биригүүгө чакырды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Гамбиянын лидери Адама Барроу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Түрк лидеринин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, анда эки тараптуу карым-катнаштар, Израилдин Палестинага кол салуулары жана Гамбияда боло турган Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) саммити талкууланды.

Президент Эрдоган Израилдин Газага жасаган кол салууларын токтотуу жана БУУнун резолюцияларынын аткарылышын камсыз кылуу үчүн ислам дүйнөсүнүн биргелешип иштешинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Түрк лидери "ИКУнун саммитиндеги сүйлөшүүлөр жана чечимдер жакшы максаттарга кызмат кылышын" каалады. Ал ошондой эле жолугушууда Анкараны тышкы иштер министри Хакан Фидан өкүлдүк кыла турганын айтты.

Буга чейин Анкара эл аралык коомчулукка борбор шаары Чыгыш Иерусалим болгон көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү аркылуу Палестина-Израиль чатагын жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүгө бир нече ирет кайрылган.

Белгилей кетсек, ИКУнун 15-саммити Гамбиянын борбору Банжул шаарында 4-5-май күндөрү өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан