Окумуштуулар дүйнөдөгү эң терең көк тешикти табышты

Океан илимпоздору планетадагы эң терең көк тешикти табышты. Суу астындагы үңкүр Мексикада Четумал булуңундагы Юкатан жарым аралына жакын жерде жайгашканын чет элдик басылмалар жазышты.

Табылган тешиктин аты Таам Жа деп аталат. Ал көп жылдардан бери илим дүйнөсүнө белгилүү, бирок дрондордун жардамы менен анын көлөмү азыр гана так өлчөнө баштады.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, Таам Жанын тереңдиги 420 метрди түзөт. Ошол эле учурда эксперттер бул Мексика үңкүрүнүн акыркы чеги эмес экенин, бул изилдөөлөр токтоп калган чек экенин билдиришкен.

Тешиктин болжол менен 400 метр тереңдигинде суунун туздуулугу жана температурасы Кариб деңизинин сууларына окшош болгон. Бул суулар жер астындагы тоннелдер менен келиши мүмкүн.

Буга чейинки рекорд Түштүк Кытай деңизиндеги Парасель аралдарында жайгашкан "Ажыдаар тешигине" таандык болгон. Өлчөөлөр көрсөткөндөй, анын тереңдиги 300,89 метрге жетет.

Көк тешиктер (blue hole) - деңиз деңгээлинен төмөн жайгашкан чөкмөлөр. Алар тереңдиктеги кочкул көк суунун жана аны курчап турган ачык суудан улам ушундай аталышты алышкан.

Тешиктер деңиз таш бакалардын, ал тургай акулалардын, ошондой эле башка көптөгөн сууда жашоочулардын мекени.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан