"Англияга жумушка жөнөтөм". Баткенде алдамчылыкка шектелген жаран чек арадан кармалды

Баткенде алдамчылыкка шектелген жаран чек ара постунан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Баткен ОИИБинен билдирди

Маалыматка ылайык, милицияга С.Ы. аттуу жаран кайрылып, чет өлкөгө ишке жөнөтүү шылтоосу менен аны жана башка адамдарды алдап кеткен жаранга чара көрүүнү суранган.

Тактап айтканда, февраль айынан баштап Т.Ч. аттуу жаран Кадамжай районунун тургуну С.Ы. (жабырлануучу) менен сүйлөшүп, "Англияга 6 айлык мөөнөттөгү маянасы жакшы жумушка жөнөтөм" деп ишенимине кирген. Ошондой эле шектүү жабырлануучу С.Ы. аркылуу Кадамжай районунан жалпы 47 кишинин ишеничине кирип, виза ачып берүү убадасы менен алардан 1 400 доллардан алган. Андан соң убадасына турбастан из жашырып кеткен. Жабырлануучулар болжол менен 66 миң 800 доллар зыянга учурашкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү 3-майда "Ак жол" өткөрүү жайы аркылуу өлкө аймагынан чыгып бараткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан