Ошто 4 жаран "Йакын-Инкар" уюмунан баш тартты (видео)

Ошто экстремисттик уюмдун лидерлери идеялогиясынан баш тартты. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК кызматкерлери менен биргеликте экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү багытындагы иликтөө-иштери жүргүзүлүп, чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) менен кылмыш иши козголгон.
Алынган маалыматтар боюнча "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик агымынын активдүү мүчөлөрү Ош шаарынын 1970-жылы туулган Х.Ш., 1979-жылы туулган Ш.Д. жана Кара-Суу районунун 1963-жылы туулган Х.М., 1973-жылы туулган А.А. аттуу тургундары аныкталган. Алардын жашаган үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүп, күмөн жараткан 51 даана китеп, 2 даана уюлдук телефон, 9 даана баракча, 1 даана дептер, 3 ДВД диск, 3 даана кассета, 5 даана флеш карта, 1 даана ноутбук компьютер алынган. Алынган буюмдарга тийиштүү экспертизалар дайындалган.
"Аталган жарандар тергөө кызматына жеткирилип, жүргүзүлгөн профилактикалык маектешүүдөн кийин жогоруда аталган жарандардын бириси "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик уюмдун идеялогиясын колдоодон баш тартаарын билдирди", - деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо иштери уланууда.
07.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан