Бишкекте жаңы автобустун кырсыкка кабылышы: Мэрия билдирүү жасады

Бишкектеги жаңы автобустун катышуусундагы жол кырсыгына байланыштуу 14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Мэриянын маалыматына ылайык, “ZHONG TOHG” үлгүсүндөгү мамлекеттик номер 01 KG710 № 40 автобустун айдоочусу троллейбус линиясынын таяныч мамысын сүзгөн.
Жол кырсыгы бүгүн, 7-майда болжол менен саат 9:45 чамасында Дэн Сяопин проспектиси менен Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде болгон.
"Ыкчам маалымат боюнча айдоочу К.Өмүралиев ден соолугунун кескин начарлашынан улам жолдон чыгып, жол кырсыгына кабылган.
Айдоочудан тышкары, жүргүнчүлөрдөн 3 адам жабыркаган. Алар дарыгерлердин кароосунан өтүп, амбулатордук дарыланууда.
Троллейбус линиясынын таяныч мамысынын бузулушуна байланыштуу 14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү", - деп билдиришти мэриядан.
Буга чейин Бишкек шаарында дагы бир жаңы автобус жол кырсыгына кабылгандыгы кабарланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан