Салык кызматынын кызматкерлери өлкөгө алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кемин ички салык постунда акциздик маркасы жок болгон 2 миң 80 литр алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз ташууга бөгөт коюлган.
Ошондой эле аталган кызмат мыйзамсыз жүк жүктөлгөн унаа айып токтотуучу жайга токтотулганын, ал эми топтолгон материалдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилерин кошумчалады.