ИИМ Чүйдөн 2003-жылы туулган эки спортчу жигитти кармады 

Уюшкан алдамчылык тобунун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, февраль айында белгисиз топтун мүчөлөрү телефон аркылуу жарандарды алдашып, бир нече миллион сомду алышкан. Негизинен алар жарандарга телефон чалып, өздөрүн тууганы катары тааныштырып, кырсыкка кабылдык деген шылтоо менен акча которууну суранып келишкен.
Ага ылайык, милиция тарабынан бир нече өлкөнүн жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топ кармалып, аларга тиешелүү болгон ноутбуктар, уюлдук аппараттар, эс-тутум карталары, дисктер, накталай акча каражаттары жана банк карталары алынган.
Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүмүнө (уюшкан топту түзүү же ага катышуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Ошондой эле милицияга аталаган топтон жапа чеккен 17ге жакын жаран арыз менен кайрылган.
"Бул кылмыштуу топтун бир нече мүчөсү качып кетүүгө үлгүрүп, жогорудагы берене менен издөө жарыяланган. 6-майда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагынан мурда издөөдө жүргөн 2003-жылы туулган К.И. жана 2003-жылы туулган С.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ИИМ кармалган жарандар эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп жүргөн экстремалдык спортчулар экенин кошумчалап, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан